Уюм тарабынан адам укуктары боюнча, ВИЧ/СПИД боюнча окуу куралдарын иштелип чыгып, жарык көрдү, алар боюнча ИИБ кызматкерлерине, соттор, прокуратура, чек ара кызматынын кызматкерлерине, ошондой эле качкындардын укуктук аспектилерине арналган ченемдик-укуктук актылардын жыйнагы чыгарылды. Жашы жетпегендердин укуктарын жана эркиндигин коргоонунун негизги принциптерин бекемдеген эл аралык жана улуттук мыйзамдардын ченемдик-укуктук актыларынын жыйнагы чыгарылды. «Укуктун улуктугу: парламентаризмдин калыптануу мезгилинде Кыргыз Республикасында аны калыптандыруунун проблемалары» тууралуу аналитикалык отчет даярдалды жана жарыяланды.
Качкындардын укуктары боюнча книг Гая С.Гудвин-Гиллдин жана Джеймс С.Хэтэуэянын китептерин орус тилине которуу ишке ашырылды, адам укуктары боюнча жыл сайын чыгуучу китеп үчүн аналитикалык баяндама жана башкалар даярдалды.
Уюмдун кызматкерлери адам укуктары боюнча эл аралык конференцияларга жана форумдарга активдүү катышып келишет. Клиниканын тийиштүү теориялык даярдыгы, ошондой эле укук коргоо иштеринде практикалык тажрыйбасы бар квалификациялуу юридикалык кадрлары бар. Уюмда туруктуу негизде иштешкен 20дан ашык юристер адвокаттык лицензияларга ээ жана жарандык сыяктуу эле, кылмыш иштери боюнча да тажрыйбалары бар.
Клиника түзүлгөн учурдан баштап 40тан ашык долбоорлор жүзөгө ашырылды, аларды Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссардын башкармалыгы, Бириккен Улуттар Уюмунун Адамадын укуктары боюнча Жогорку Комиссардын башкармалыгы, Борбордук Азиядагы Дания чиркөө жардамы, Борбордук Азиядагы Евразия фонду, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы, Калктын саны жаатындагы Бириккен Улуттар Уюмунун фонду, Альберт Эйнштейн атындагы качкындар боюнча Немецтик академиялык демилге тобу, улуттук азчылыктын иштери боюнча Жогорку Комиссардын башкармалыгы, Бишкектеги ОБСЕ борбору, Демократиялык институттар жана Адам укугу боюнчя бюро, Адам укугу боюнча Дания институту, ВИЧ/СПИД боюнча Борборлук Азия Программасы, «Сорос-Кыргызстан» фондусу, Норвегиялык Хельсинки Комитети, Бүткүл дүйнөлүк Банк, Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясы, «Ачык коом» фондусу сыяктуу эл аралык уюмдар каржылап жатышат.