Ушул окуу куралы Великобританиянын Кыргызстандын Элчилиги тарабынан каржыланган «Шайлоо чыр-чатактарынын алдын алуу жана деңгээлин төмөндөтүү, алардын чечилиши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү» долбоорунун алкактарында даярдалды. Эскертме Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештеридин депутаттарын шайлоолордун катышуучуларына – байкоочуларга (анын ичинде чет өлкөлүк), шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, катталган депутаттыкка талапкерлерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын кызмат ордуна талапкерлерге, алардын ишенимдүү адамдарына, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, шайлоо мыйзамдарына жана аларды колдонуу иш-тажырыйбасына кызыккандардын, ошондой эле шайлоолор жана референдумдар таза, ачык-айкын, мыйзамдын жана жалпы кабыл алынган адеп-ахлактын алкактарында өтүүсүнө кызыкдарлардын бардыгына даректелген.