Публикациялар KY

КЫЛМЫШ ИШТЕРИ БОЮНЧА АДВОКАТТАР ҮЧҮН ПРОЦЕССУАЛДЫК ДОКУМЕНТТЕРДИН ҮЛГҮЛӨРҮНҮН ЖЫЙНАГЫ

Жыйнакты окуу

Кылмыш иштери боюнча адвокаттар үчүн процессуалдык документтердин жыйнагы

Бул басылма “Адилет” Укуктук Клиникасы” Коомдук фонду тарабынан “Мыйзам” үстөмдүгүн илгерилетүү” долбоорунун алкагында даярдалды. Басылма кылмыш иштери  боюнча сотко кайрылуулардын (арыздар, өтүнүчтөр, даттануулар, каршы пикир билдирүү) формаларынын үлгүлөрүн камтыйт. Жыйнак юристтер жана адвокаттар үчүн гана эмес, студенттерге, ЖОЖдордун окутуучуларына жана кылмыш процессинин катышуучулары болгон бардык адамдарга арналган.

Аталган жыйнакты мамлекеттик, укук коргоо, сот органдары, адвокаттар, иштеп жаткан юристтер, бейөкмөт уюмдар, укук коргоо уюмдары, жарандык активисттер, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле Кыргыз Республикасында адам укуктарынын сакталышы боюнча маселелерге кызыккан бардык адамдар пайдалана алышат.