«Адилет» УК өзү иштеп турган 12 жылда Кыргыз Республикасында гана эмес, Борбордук Азия аймагындагы качкындарга, башпаана издеген адамдарга жана жарандыгы жок адамдарга укуктук жардамдын бүткүл спектрин көрсөткөн жападан-жалгыз уюм болуп саналат, аталган категориядагы адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чоң иш тажрыйбасын топтоду.
Негизги милдеттери:
1. Качкындарга, башпаана издеген адамдарга жана жарандыгы жок адамдарга укуктук жардам көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатуу.2. Качкындардын, башпаана издеген адамдардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоону караган жана камсыз кылган мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатуу.
Ишинин түрлөрү:
- ар түрдүү укуктук маселелер: Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу, маммамлекеттик органдардын чечимдерине даттануу, качкындардын негизги укуктары жана милдеттери жана башка маселелер боюнча юридикалык консультацияларды берүү;- укуктук консультациялар Укуктук Клиниканын офисинде жана качкындар жыш жашаган жерлерде туруктуу негизде акысыз берилет;
- качкындардын, башпаана издеген адамдардын жана жарандыгы жок адамдардын кызыкчылыгын мамлекеттик органдарда, анын ичинде сот жана укук коргоо органдарында коргоо;
- КР жарандыгына кабыл алуу маселеси боюнча качкындардын, жарандыгы жок адамдардын документтерине укуктук экспертиза жүргүзүү;
- тренингдерди жана семинарларды өткөрүү жолу менен качкындардын, өкмөттүк эмес уюмдардын персоналдарынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин укуктук сабатынын деңгээлин жогорулатуу.
Иширнин билим берүүчү компоненти:
- Тренингдерди жана семинарларды өткөрүү аркылуу качкындардын, башпаана издеген адамдардын укуктук сабатынын деңгээлин жогорулатуу.- Качкындардын укуктарын коргоо маселеси боюнча тренингдерди өткөрүү жолу менен юридикалык факультеттердин бүтүрүүчү студент-укук таануучуларын окутуу жана даярдоо жана Клиниканын базасында стажировкадан өткөрүү.
- Качкындардын укуктарын коргоо боюнча адвокаттар, ӨЭУнун,Борбордук Азия аймагындагы республикалардын миграциялык кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуулар жана окутуучу семинарлар.
- Судялар, прокурорлор, ИИМ МТММ, ДРНАГС, мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери жана Кыргызстандын ӨЭУ үчүн качкындардын укуктары, жарандыктын жана жарандыгы жоктуктун проблемалары боюнча окутуучу семинарлар.
Бенефициарийлер жана Максатуу топтор:
- Качкындар, башпаана издеген адамдар жана жарандыгы жок адамдар,- Бенефициарий маселелерин кароого ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдардын, анын ичинде сот, укук коргоо органдарынын кызматкерлери.
«Адилет» Укук Клиникасы БУУ УВКБ жана ӨЭУ менен кызматташтыкта качкындарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасында натурализациялоо процессине активдүү катышат.