Публикациялар KY

Кыргыз Республикасындагы Президенттик шайлоону чагылдыруучу ЖМК жана журналисттер үчүн Эскерткич

Формат: pdf
Жуктоп алуу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын шайлоочуларга, алардын электоралдык артыкчылыктарына, о.э. тигил же бул шайлоо институтуна болгон мамилесине тийгизген таасирин баалоо кыйын. ЖМКдарды чыгарууну ишке ашырган мекемелер, шайлоону чагылдырууга катышкан журналисттер абдан маанилүү социалдык миссияны аткарышат - алар жарандардын шайлоо кампаниясы, ага катышкан талапкерлер жана саясий партиялар, алардын программалары туурасында максималдуу толук, ар тараптуу маалымат алууга болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылууга шарт түзөт. Өзүнүн өзгөчө ролун түшүнүү шайлоо кампанияларын чагылдырууга катышкан медиа-коомчулуктардын өкүлдөрүнө шайлоочуларга шайлоо туурасында маалыматты айкын, калыс жеткирүүгө болгон өзгөчө моралдык жоопкерчиликти жүктөйт, шайлоону маалыматтык камсыз кылууга катышуу учурунда профессионалдык жүрүш-турушу толугу менен укуктук талаанын алкагында жатат.

ЖМК шайлоо туурасындагы маалыматты алууга жана таратууга болгон жарандардын укугунун кепилдиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасындагы коомдук пикирди калыптандырууга өбөлгө түзөт. Мына ошондуктан, жалпыга маалымдоо каражаттарын чыгарууну ишке ашырган мекемелер тарабынан жайгаштырылган маалыматтык материалдардын мазмуну калыстык, айкындык принциптерине ылайык келиши керек жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган эрежелерге дал болушу керек. Даярдалган Эскерткич Кыргыз Республикасындагы шайлоону маалыматтык чагылдырууну каалаган ЖМК жана журналисттер, анын ичинде чет элдик ЖМК кабарчылары үчүн багыттама болуп калмакчы.

Эскерткичтин милдеттери:
1) журналисттерди азыркы шайлоо мыйзамдары менен тааныштыруу;
2) журналистке шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүндө багыт алууга жардам берүү.

Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну "Адилет" Укуктук Клиникасы" Коомдук фондунун жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.