Программалар KY

Шайлоо чыр-чатактарынын алдын алуу жана деңгээлин басаңдатуу, аларды чечүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү

2014-03-14 17:00 Ачык

«Адилет» Укук Клиникасы 2013-жылдын 11-ноябрынан баштап Кыргызстандагы Улуу Британия Элдчилигинин колдоосунда «Шайлоо чыр-чатактарынын алдын алуу жана деңгээлин басаңдатуу, аларды чечүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү» долбоорун жүзөгө ашыра баштады.

Долбоордун максаты:

Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү процессинде жаралган чыр-чатактарды болтурбоо жана алдын алуу, ошондой эле аларды ишке ашырууда ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Долбоор шайлоо процессинде пайда болгон чыр-чатактарга байланыштуу коркунучтарга төмөндөгү жолдор менен комплекстүү таасир этүүнү карайт:
  • эркин, акыйкат жана демократиялуу шайлоолордун эл аралык стандарттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын жана шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өруүндөтүү;
  • шайлоо процессинин субьектилеринин шайлоо укуктарын мамлекеттик органдардын сактоосун жана камсыз кылуусун жакшыртуу;
  • шайлоо комиссияларынын, соттордун, прокуратуранын, ички иштер органдарынын (ИИБ), Омбудсмен институтунун, саясий партиялардын жана жарандык коомдун ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
  • демократиялуу шайлоо стандарттарынын калыптанышына багытталган конкреттүү сот прецендентин түзүү;
  • шайлоо укуктары жана жол-жоболору тууралуу калктын маалымат алуу деңгээлин жогорулатуу.

Долбоордун максаттуу тобу:

Шайлоо (шайлануу) процессинин субъектиси:
  • Мамлекеттик органдар;
  • Саясий партиялар;
  • ӨЭУ; 
  • ЖМК;
  • Жарандык коом.

Клиника долбоорунун алкагында: 

  • акысыз юридикалык консультацияларды Клиниканын базасында жана «тез байланыш» боюнча берет;
  • мамлекеттик жана укук коргоо органдарында,соттордо бенефициарлардын өкүлү болот, укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт;
  • окутуучу семинарларды/тренингдерди өткөрөт;
  • долбоордун максаттуу аудиториясы үчүн билим берүүчү-маалыматтык материалдарды иштеп чыгат;
  • тегерек столдорду, коомдук жана парламенттик угуулдарды өткөрөт.

Уюмдун кызмат көрсөтүүсүнө тең жетүүнү камсыз кылуу максатында «Тез байланыш» телефону уюштурулган - (0312) 880 098. Долбоордун кызматкерлери 9.00дөн 18.00 саатка чейин (дем алыш күндөрүнөн сырткары) шайлоо укугунун жана процессинин маселелери боюнча квалифициялуу юридикалык консультацияларды беришет. «Тез байланыш» телефону Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында иштеп турат, Бишкек шаарынан стационардык шаардык телефондордон чалуулар – акысыз, уюлдук жана башка телефондордон чалуулар – байланыш операторунун тарифине ылайык.
Долбоор Кыргыз Республикасынын аймагында 2013-жылдын 11-ноябрынан баштап 2015-жылдын 31-мартына чейин жүзөгө ашырылат.