Долбоордун жалпы максаты:
Балдарга күч колдонууга карата кайдыгерликти болтурбоо аркылуу КР балдарга жасалган зомбулуктун бардык түрлөрүн жок кылуу жана балдардын жана ички мигранттардын коомдоштугунун арасында күч колдонууга толеранттуу эмес мамиле жасоону киргизүү.Долбоордун негизги милдеттери:
1. Балдарды күч колдонуудан коргоо максатында укук айдыңын жана саясатын жакшыртуу жана ички мигранттардын балдарын социалдык аралашууга тартуу.2. Коомдоштуктун өзүнүн күчү менен балдарга күч колдонуу фактыларын болтурбоо жана чечүү максатында психо-социалдык колдоо аркылуу ички мигранттардын балдарын жана коомдоштугун күчтөндүрүү
3. Балдарга күч колдонуу жөнүндө коомдун маалымат алуусун жогорулатуу жана ага кайдыгер кароону токтотуу.
Бенефициарийлер жана долбоордун максатуу аудиториясы:
Турмуштук оор кырдаалга тушуккан балдар долбоордун бенефициарийлери болуп саналышат.Турмуштук оор кырдаалга тушуккан балдарга төмөндөгүлөр кирет:
- ата-энелеринен кароосуз калган балдар;
- ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар;
- мыйзам менен конфликте турган балдар;
- күч колдонуунун же кылмыштын курмандыгы болушкан балдар;
- аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган балдар;
- иштеп жаткан балдар;
- кароосуз калган балдар;
- көчөдө калган балдар;
- түзүлгөн шарттарга байланыштуу жашоо-турмушу обьективдүү түрдө бузулган, чыр-чатактар жана өзгөчө кырдаалдар зонасындагы балдар;
- ошондой эле жогорудагы шарттарды өз алдынча же үй-бүлөсүнүн жардамы менен жеңип кете албай жаткан балдар.
Ишинин түрлөрү:
Долбоордун бенефициарийлерине кызмат көрсөтүүлөр квалифициялуу юридикалык жардам жана социалдык жарадам түрүндө берилет;Бенефициарийлерге юридикалык жардам төмөндөгүдөй түрлөрдө берилет:
- жарандык, жазыктык, үй-бүлөлүк, администарциялык, эмгектик жана башка мыйзамдар, ошондой эле документтештирүү (КР жаранынын паспортун, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, аскерге катоо күбөлүгүн ж.б. алуу/калыбына келтирүү) боюнча консультацияларды берүү, бул учурда жашы жетпегендердин укуктары жана кызыкчылыктары козголот;
- юридикалык документтерди түзүү;
- КР мамлекеттик, укук коргоо органдарында жана сот органдарында кызыкчылыктарды коргоп чыгуу;
Бенефициарийлерге социалдык жардам социалдык маселелер боюнча төмөндөгү консультациялар түрүндө көрсөтүлөт:
- документтештирүү (туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, паспортту, социалдык коргоо күбөлүгүн ж.б. алуу же калыбына келтирүү) көзөмөлчүлүктү, асырап алууну белгилөө, мектепке орноштуруу жана социалдык жөлөкпулдарды алуу;
- ошондой эле жашы жетпегендердин укуктарын жана кызыкчылыктарын козгогон башка маселелер боюнча консультацияларды берүү;
Долбоордун алкагында юридикалык жана социалдык консультациялар, чыгып баруучу консультацияларды кошпогондо, республиканын бүткүл аймагында берилет;
Долбоор боюнча юридикалык жана социалдык жардамдар Бишкек шаары боюнча, анын ичинде Бишкек шаарына чектеш турак жай конуштарында жана жаңы курулуштарда берилет.