Кыргыз Республикасында шайлоолордо жана референдумдарда байкоочунун эстетмеси Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчилиги каржылаган “Шайлоолордогу чыр-чатактардын алдын алуу жана алардын денгээлин төмөндөтүү, аларды чечүүнүн жагымдуу шарттарын түзүү” долбоорунун алкагында даярдалды.
Бул эскертме Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын жана жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоодо байкоочу катары катышуучу жактарга (анын ичинде, чет өлкөлүк жактарга), шайлоо комиссияларын мүчөлөрүнө, депутаттыкка катталган талапкерлерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органдарынын башчыларынын кызмат орундарына талапкерлерге, алардын ишенимдүү адамдарына, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, шайлоо мыйзамдарына жана алардын колдонулуусуна кызыкдар болгон бардык жактарга, ошондой эле биздеги шайлоолор жана референдумдар ачык-айкын, адилет жана мыйзамдын жана жалпыга таандык этиканын чегинде өтүүсүнө умтулган бардык адамдарга арналат.