Публикациялар KY

Журналистика ишкердигинин укуктук жана этикалык негиздери

Формат: pdf
Жуктоп алуу

Демократия куруу ишинде журналист деген адистик зор мааниге ээ. Көп учурларда бийлик өз ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланганын дал ушул журналисттер таап чыгат жана алар саясат, экономика, коомдук турмуш же экология менен байланышкан эң курч маселелерди көтөрөт. Аны менен байланыштуу, мамлекеттик же башка коомдук уюмдарга кайрылып, алгылыктуу жооп ала албаган жарандар менен уюмдар акыркы чара катары журналисттер менен ЖМКларга келип арызданат. Ошондуктан, чындап айтканда, журналисттин иши – өзгөчө ал коррупция, бийликтин кыянаттыгы, кызматтык кылмыш же адам укуктарын коргоо менен байланышкан болсо, – бир топ коркунуч жана тобокелчилик менен байланышкан.

Сайтта чыккан материалдын баарын эркин көчүрүп алса болот, аларды анча-мынча өзгөртүү да мүмкүн жана кандай болбосун ыкма менен кандай болбосун максатта таратуу да болот, бирок сөзсүз авторду көрсөтүш керек.

Бул басылма көздөгөн окурмандар – жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү. Китепте – жарык көргөн макалабасылмаларда кимдир бирөөнүн намысына, кадырына же ишкердик аброюна тийиши мүмкүн болгон такталбаган маалымат-кабарларды таратуу үчүн жоопко тартылуу коркунучун кантип азайтса болот деген сунуштар айтылат.

Бул басылма – «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалды, бирок китептин мазмуну – «Адилет» Укуктук Клиникасы» коомдук фондунун жоопкерчилигине кирет жана китепте айтылгандарды – «Сорос-Кыргызстан» фондунун пикири деп эсептебеш керек.