Программалар KY

Калктын аялуу катмарынын акыйкат сотко жетүүсүн камсыз кылуу

2014-03-12 14:00 Ачык
«Адилет» Укук Клиникасы» коомдук фонду 2011-жылдан бери Евразия фондунун, Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин жана Борбордук Азиядагы Евразия фондунун көмөктөшүүсү менен «Мыйзам алдындагы теңчилик: Борбордук Азияда акыйкат сотко жетүү» программасынын алкагында «Калктын аялуу катмарынын акыйкат сотко жетүүсүн камсыз кылуу» долбоорун жүзөгө ашыра баштады.

Долбоордун максаты

Калктын аялуу катмарынын акыйкат сотко жетүүсүн камсыз кылуу, алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, жарандык коомдордун уюмдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук маданиятын көтөрүү.

Негизги милдеттери:

- Коммерциялык эмес уюмдардын жана жарандык коомдун уюмдарынын калктын аялуу катмарынын укуктарын коргоо боюнча потенциалын арттырууга көмөктөшүү;
- Юридикалык консультациялар жана юристтердин жардамы аркылуу калктын аялуу катмарынын акыйкат сотко жетүүсүн кеңейтүү;
- Укуктук билимдерди жогорулатуу жана калктын аялуу катмарынын укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун уюмдарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү;
- Мыйзамдарды реформалоону жана адам укуктарынын принциптерин алга жылдырууну колдоо.

Бенефициарийлер жана максатту топтор:

- Айылдык жерлердин аялдары;
- Тобокел тобунун балдары;
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар

Ишинин түрлөрү:

- юридикалык консультациялар («Адилет» Укук Клиникасынын офисинде, ошондой эле аймактардагы өнөктөш уюмдардын офистеринде юристтер тарабынан акысыз берилет);
- мамлекеттик, анын ичинде укук коргоо жана сот органдарында кызыкчылыктарды коргоп чыгуу;
- маалыматтык-укуктук семинарларды өткөрүү аркылуу жарандык коомдун уюмдарында, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында укуктук билимдердин деңгээлин көтөрүү;

Мындан тышкары, консультацияларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында «тез байланыш» телефону иштеп турат, Бишкек шаарынын жана Чүй областынын тургундары үчүн «тез байланыш» телефонунун номери - «1420», башка областтардын калкы үчүн - «142». Бишкек шаарынан жана областтардын борборлорунан стационардык шаардык телефондордон чалуулар – акысыз, уюлдук жана башка телефондордон чалуулар – байланыш операторунун тарифине ылайык.
Долбоордун алкагында ар бир региондо 2ден юрист-адвокат тартылган, алар долбоордун бенефициарийлерин кабыл алып, консультацияларды беришет.