Долбоордун максаты
Калктын аялуу катмарынын акыйкат сотко жетүүсүн камсыз кылуу, алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, жарандык коомдордун уюмдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук маданиятын көтөрүү.Негизги милдеттери:
- Коммерциялык эмес уюмдардын жана жарандык коомдун уюмдарынын калктын аялуу катмарынын укуктарын коргоо боюнча потенциалын арттырууга көмөктөшүү;- Юридикалык консультациялар жана юристтердин жардамы аркылуу калктын аялуу катмарынын акыйкат сотко жетүүсүн кеңейтүү;
- Укуктук билимдерди жогорулатуу жана калктын аялуу катмарынын укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун уюмдарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү;
- Мыйзамдарды реформалоону жана адам укуктарынын принциптерин алга жылдырууну колдоо.
Бенефициарийлер жана максатту топтор:
- Айылдык жерлердин аялдары;- Тобокел тобунун балдары;
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар
Ишинин түрлөрү:
- юридикалык консультациялар («Адилет» Укук Клиникасынын офисинде, ошондой эле аймактардагы өнөктөш уюмдардын офистеринде юристтер тарабынан акысыз берилет);- мамлекеттик, анын ичинде укук коргоо жана сот органдарында кызыкчылыктарды коргоп чыгуу;
- маалыматтык-укуктук семинарларды өткөрүү аркылуу жарандык коомдун уюмдарында, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында укуктук билимдердин деңгээлин көтөрүү;
Мындан тышкары, консультацияларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында «тез байланыш» телефону иштеп турат, Бишкек шаарынын жана Чүй областынын тургундары үчүн «тез байланыш» телефонунун номери - «1420», башка областтардын калкы үчүн - «142». Бишкек шаарынан жана областтардын борборлорунан стационардык шаардык телефондордон чалуулар – акысыз, уюлдук жана башка телефондордон чалуулар – байланыш операторунун тарифине ылайык.
Долбоордун алкагында ар бир региондо 2ден юрист-адвокат тартылган, алар долбоордун бенефициарийлерин кабыл алып, консультацияларды беришет.