Публикациялар KY

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНА КАЙРЫЛУУ БЕРҮҮ ЖАНА КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ ӨНДҮРҮШҮНӨ КАТЫШУУ БОЮНЧА ПРАКТИКАЛЫК КОЛДОНМО


Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылуу берүү жана конституциялык сот өндүрүшүнө катышуу боюнча практикалык колдонмо. Бишкек, 2022. 182 б.
Бул Колдонмо 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган жаңы Конституциянын кабыл алынышына байланыштуу экинчи жолу басылып жатат. Практикалык Колдонмо атайын судьялар, адвокаттар жана башка кызыкдар тараптар үчүн Кыргыз Республикасында конституциялык көзөмөл органынын түзүлүшүнүн жана өнүгүүсүнүн тарыхы, конституциялык көзөмөл институтуна кайрылууларды даярдоо жана берүү тартиби жана конституциялык сот өндүрүшүнүн эрежелери менен тартиби жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Колдонмодо камтылган маалымат практикалык багытка ээ, бул Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылуунун потенциалдуу субъекттерине кайрылууларды жакшыраак даярдоого жана конституциялык сот өндүрүшүнө натыйжалуу катышууга мүмкүндүк берет.
Бул басылманын баалуулугу, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жана анын укук мураскери Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун укуктук позицияларын камтыганында, алар конституциялык көзөмөл органына кайрылуу субъектилерине багыт берүүчү болуп, конституциялык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө алардын түшүнүгүн жогорулатууга жана ошого жараша юридикалык практикада өз аракеттерин алдын ала жана пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Документке шилтеме