Жуктоп алуу
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ички иштер органдары жарандардын укугун жана эркиндигин коргоо, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту коргоо милдеттери менен катар шайлоо комиссияларына алардын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо, референдумдарды өткөрүүдөгү ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көргөзүү милдети жүктөлгөн. Шайлоо участкасында нөөмөттө турган ИИО кызматкеринин милдетине добуш берүүнү уюштуруу жана добуштарды саноо кирбейт, кызматкер чын дилинен жана мыйзамдын талаптарына ылайык жарандардын шайлоо укуктарын коргоо, шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти коргоо жана шайлоо участкаларында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз милдеттерин мыйзамдын талаптарына ылайык аткарышы керек. Өзүнүн профессионалдык милдеттерин аткаруу үчүн жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон тартип бузууларына бөгөт коюу үчүн, ИИО кызматкерлери шайлоо укуктарынын жана процесстеринин негизги жоболорун жана түшүнүктөрүн билиши керек.
Эскерткич шайлоо жүрүмү туурасында жана мыйзамдар жөнүндө кыскача маалыматтарды камтыйт, о.э. жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу жана коргоону камсыз кылууга, Кыргыз Республикасында шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти камсыз кылууга тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын үзүндүлөрүн камтыйт.
Басылма биринчи кезекте укук коргоо органынын кызматкерлери үчүн арналган, бирок шайлоонун уюштуруучулары, шайлоочулар, о.э. саясий партиянын өкүлдөрү, талапкерлер коомдук бирикмелер, ЖМК, жана башка шайлоо жүрүмүнүн маселелерине жана шайлоо участкаларындагы укук тартибин камсыз кылууга кызыккандардын баарына багытталган.
Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну "Адилет" Укуктук Клиникасы" Коомдук фондунун жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.