Публикациялар KY

Кыргыз Республикасынын Адвокатура жөнүндө мыйзамдарын жана адвокаттык ишмердикти талдоо.

Кыргыз Республикасынын Адвокатура жөнүндө мыйзамдарын жана
адвокаттык ишмердикти талдоосу, квалификациялуу юридикалык жардам алуу
үчүн адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерин,
ошондой эле республиканын учурдагы иштеп жаткан мыйзамдык базаларын
өркүндөтүү максатында адвокаттардын укуктарын, мыйзамдуу
кызыкчылыктарын жана алардын ишмердигинин көз карандысыздыгынын
кепилдиктерин изилдөөнү көздөйт.

Бул талдоону мамлекеттик, укук коргоо, сот органдары, өкмөттүк эмес, укук
коргоо уюмдары, жарандык активисттер, жалпыга маалымдоо каражаттары,
ошондой эле Кыргызстанда мамлекеттик бийлик органдарынын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат адамдарынын кызматтык
ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу процессинде адам укуктары менен
эркиндиктерин камсыз кылуусуна кызыкдар болгон бардык адамдар колдоно
алышат.

Талдоону окуу