Жуктоп алуу
Мамлекеттик көз карандысыздыкты алуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу менен биздин мамлекетибизде мезгили менен ар кандай шайлоолор өткөрүлүп турат, ага саясий партиялар да катышат.
Бул эскерткич жалпы маалыматтык мүнөзгө ээ жана партиялык активисттерге, алардын саясат жана саясий процесстер, саясий партиялардын орду жана ролу, партиялык процесстер, партиялардын шайлоо кампанияларына жана азыркы мамлекетти жана коомду башкарууга катышуусу туурасындагы билимдерин жана кругозорун кеңейтүүгө багытталган.
Эскерткичте практикалык иштин көндүмдөрүнө окууга, партиялык-шайлоо процессинин технологиясын билүүгө мүмкүндүк берген төмөнкүдөй материалдар сунушталган: шайлоо кампанияларында партиянын катышуусун канткенде уюштуруу керек, өз партиясын алып чыгууну билүү, анын идеалдарын натыйжалуу үгүттөө, тарапташтарды тартуу, жергиликтүү партиялык уюмдардын ишиндеги кемчиликтерди табуу, тоскоолдуктарды жеңүү, өз укуктарын коргой билүү ж.б.
Эскерткич о.э. бул долбоордун максаттары жана милдеттерине ылайык шайлоо процессинин катышуучулары катары чыккан саясий партияларга да даректелген.
Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну "Адилет" Укуктук Клиникасы" Коомдук фондунун жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.