Качкындардын жана апатриддердин укуктарын коргоо
11.03.2014
Качкындарга, башпаана издеген адамдарга жана жарандыгы жок адамдарга укуктук жардам көрсөтүү «Адилет» УК түзүлгөн учурдан баштап жана «Качкындарга жана Кыргызстанда башпаана издеген адамдарга укуктук жардам» жана «Кыргызстанда жарандыгы жоктуктун алдын алуу жана кыскартуу» боюнча БУУ УВКБнын долбоорлорунун алкагында иштеп турган бүткүл мезгилинин ичиндеги ишинин негизги багыттарынын бири болуп саналат.
«Адилет» УК өзү иштеп турган 12 жылда Кыргыз Республикасында гана эмес, Борбордук Азия аймагындагы качкындарга, башпаана издеген адамдарга жана жарандыгы жок адамдарга укуктук жардамдын бүткүл спектрин көрсөткөн жападан-жалгыз уюм болуп саналат, аталган категориядагы адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чоң иш тажрыйбасын топтоду.
Негизги милдеттери: |
1. Качкындарга, башпаана издеген адамдарга жана жарандыгы жок адамдарга укуктук жардам көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатуу.
|
---|---|
Ишинин түрлөрү: |
- ар түрдүү укуктук маселелер: Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу, маммамлекеттик органдардын чечимдерине даттануу, качкындардын негизги укуктары жана милдеттери жана башка маселелер боюнча юридикалык консультацияларды берүү;
|
Иширнин билим берүүчү компоненти: |
- Тренингдерди жана семинарларды өткөрүү аркылуу качкындардын, башпаана издеген адамдардын укуктук сабатынын деңгээлин жогорулатуу.
|
Бенефициарийлер жана Максатуу топтор: |
- Качкындар, башпаана издеген адамдар жана жарандыгы жок адамдар,
|
«Адилет» Укук Клиникасы БУУ УВКБ жана ӨЭУ менен кызматташтыкта качкындарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасында натурализациялоо процессине активдүү катышат.